Калкты каттоодо 1 жылга жетпеген убакыттан бери алыста мигрант болуп жүргөндөр дагы эске алынат

Калкты каттоодо 1 жылга жетпеген убакыттан бери алыста мигрант болуп жүргөндөр дагы эске алынат. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Андан такташкандай, 12 айдан ашык чет мамлекеттерде жүргөндөр эсепке алынбайт. Анын ортосунда, учурда Кыргызстан аймагында жүргөн чет элдик жарандар, студенттер статистикага кошулат. Эске салсак, эл жана турак-жай фондун каттоо ушул жазда өтөт.