Кыргызстанда той-аштарга мал союуга тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчы белгилегендей, колунда бар-жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга бөгөт коюлат.
Жарлыктын аткарылышын жергиликтүү бийлик жана участкалык милиция көзөмөлдөйт. Жакынкы арада калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Тыюуга баш ийбегендер, жоопко тартылат, — деп эскертти Жапаров.