Өлкөдөгү стратегиялык маанилүү трассалары тазалоо иштери уланууда

Өлкөдөгү стратегиялык маанилүү трассалары тазалоо иштери уланууда. Унаа жана жолдор министрлигине билдиришкендей, өзгөчө түндүк-түштүк альтернативдик жолунун тилкелеринде жана Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусу кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө. Ведомство алыскы сапарга чыга турган айдоочуларды белгиленген ылдамдыкты так сактоону, каршы тилкеге ​​чыкпоону жана атайын техниканын иштешине… Кененирээк…

Кыргызстанда апрель адаттагыдан жылуу болот

Кыргызстанда апрель адаттагыдан жылуу болот. Синоптиктер билдиришкендей, аталган айда абанын айлык орточо температурасы өлкө боюнча нормадан 1 градус жогору болот. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү басымдуу аймактарда нормага жакын болушу күтүлөт.

Лондондо Томас Хардинин үйү сатыкка чыкты

Улуу Британияда англиялык жазуучу жана Виктория доорунун акыны Томас Хардинин үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгу пайда болду. Лондондун түштүгүндөгү Уандсворт шаарында жайгашкан анын мурдагы батири сатыкка чыкты. Томас Харди үч кабаттуу бул үйдө 1878-жылдан 1881-жылга чейин жашаган. Мүлктүн болочок ээси 1 миллион 300 миң доллар төлөшү керек.… Кененирээк…

Өлкөдө өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу кеңеши түзүлдү

Өлкөдө өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу кеңеши түзүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Маалыматка ылайык, кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү, өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алат. Анын төрагалыгына Министрлер кабинетинин башчысы бекитилди.