Өлкөдөгү стратегиялык маанилүү трассалары тазалоо иштери уланууда.
Унаа жана жолдор министрлигине билдиришкендей, өзгөчө түндүк-түштүк альтернативдик жолунун тилкелеринде жана Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусу кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө.
Ведомство алыскы сапарга чыга турган айдоочуларды белгиленген ылдамдыкты так сактоону, каршы тилкеге чыкпоону жана атайын техниканын иштешине тоскоол болбоого чакырат.
Ал эми “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө.