Ош шаарына таза суу кечке чейин берилет

Ош шаарына таза суу кечке чейин берилет. Novosti.kgге “Ошсууканал” ишканасынан билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам таңга жуук токтоп калган таза сууну калыбына келтирүү иштери уланууда. Учурда “Туран”, “Юго-Восток”, “ХБК” кичи райондоруна таза суу бериле баштады. Ал эми борбордук көчөлөрдө суу түштөн кийин болот — деп… Кененирээк…

Жалал-Абадда жолго түшкөн таштар тазаланып, каттам ачылды

Жалал-Абадда жолго түшкөн таштар тазаланып, каттам ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн  Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 238-чакырымында жана Капчыгай тилкесинде таш кулап, 3 жеңил унаа өтө албай калган. Жерине Тогуз-Торо райондук куткаруучулардын ыкчам тобу жана Жол тейлөө ишканасынан автожүктөгүч тазалоого тартылып,… Кененирээк…

Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпус ачылды

Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпус ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул имарат бир топ жылдан бери иштебей турган. Эми имаратка 95 орунга эсептелген чоңдордун ортопедиясы, муун патологиясы, сөөк-ириң бөлүмдөрүн жана 6 жандандыруу керебетин жайгаштыруу пландалууда.

Парламентте Сурабалдиева менен Абдалиев ант беришти

Жогорку Кеңештин жыйынында №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча шайланып келген Эльвира Сурабалдиева менен “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Мейкинбек Абдалиев ант берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.    Кошумчалай кетсек, Мейкинбек Абдалиев башка кызматка которулган Равшанбек Сабировдун ордуна келди.

Wikipedia дүйнөлүк интернет энциклопедиясы кыргызстандык 84 аялдын ысымы менен толукталды

Wikipedia дүйнөлүк интернет энциклопедиясы кыргызстандык 84 аялдын ысымы менен толукталды. Долбоор эл аралык компаниянын колдоосу менен ишке ашты. Анын максаты ийгиликтүү кыргыз аялдары жөнүндө сөз кылуу менен гендердик теңчиликти жайылтуу болуп саналат. Маалыматты кыргыз тилдүү Википедиянын «Кыргызстандын айымдары» категориясынан көрүүгө болот.

Бүгүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Novosti.kgге “Ошэлектро” ишканасынан билдиршкендей, жарык кечки саат 5ке чейин Баткен, Лейлек, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарындагы 20га чукул көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдө жок болот. Мунун себеби пландуу ондоо иштерине байланыштуу.

Ички иштер министрлиги тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет

Ички иштер министрлиги тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет. Белгилүү болгондой, өлкөдө жыл сайын он миңдеген адам каржы пирамидаларынын курмандыгы болууда. Маалыматка ылайык, алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун агымы көбөйө баштады

Токтогул суу сактагычында суунун агымы көбөйө баштады. “Электр станциялары” ишканасынан маалым болгондой, өткөн суткада башкы резервуардагы суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, 173 кубдан 201 куб метрге жетти. Ошол эле учурда суунун чыгымы 72 метр кубга өстү. Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун… Кененирээк…

Айыл өкмөттөргө калкты тейлөө кызматтарын көрсөтүү укугу берилди

Айыл өкмөттөргө калкты тейлөө кызматтарын көрсөтүү укугу берилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, учурда 156 жергиликтүү бийлик органдары керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Алар 16га толгон жарандарга паспорт берүү үчүн документтерди кабыл алуу, ID-карта жана жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жарандарды… Кененирээк…

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун Инвестициялык фондунун баш кеңсесин Бишкекте жайгаштырууну сунуштады

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун Инвестициялык фондунун баш кеңсесин Бишкекте жайгаштырууну сунуштады. Экономика жана соода министрлигинен билдиришкендей, мындай демилге аталган уюмдун фонд түзүү боюнча онлайн жолугушуусунда айтылды. Белгилеп кетсек, Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Уюумдун максаты мамлекеттер ортосундагы… Кененирээк…