Лондондо Томас Хардинин үйү сатыкка чыкты

Улуу Британияда англиялык жазуучу жана Виктория доорунун акыны Томас Хардинин үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгу пайда болду.

Лондондун түштүгүндөгү Уандсворт шаарында жайгашкан анын мурдагы батири сатыкка чыкты.

Томас Харди үч кабаттуу бул үйдө 1878-жылдан 1881-жылга чейин жашаган.

Мүлктүн болочок ээси 1 миллион 300 миң доллар төлөшү керек. Турак-жайдын биринчи кабатында чоң терезелери бар конок бөлмөсү, ашкана жана толук жабдылган ванна жайгашкан.

Экинчи кабатта эки уктоочу бөлмө жана жеке терраса, үчүнчү кабатта дагы бир уктоочу бөлмө жана кеңсе бар.