Бишкекте 4-апрелде жылуулук өчүрүлөт

Бишкекте 4-апрелде жылуулук өчүрүлөт. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү чечим ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынып, мэр тарабынан жакынкы арада буйрук чыгарылат.   Белгилеп кетсек, адатта Бишкекте аба табы 5 сутка катары менен +8 градустан  жогору сакталса, жылуулук сезону токтотулат. Синоптиктер бүгүнтөн тарта Бишкекте күн жылып,… Кененирээк…

Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат

Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат. Буга Улуттук статистика комитетинен ишендиришти. Ведомстводон Novosti.kgге белгилешкендей, эгемен Кыргызстан тарыхында калкты каттоо өнөктүгү 3-ирет өткөрүлөт.   Акыркы каттоо 2009-жылы өткөн. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар 3-апрелге чейин үймө-үй кыдырып, элди каттап жатат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлдү. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Ага ошондой эле министрлер, банктардын, материалдык резервдер фондунун жана чекене соода тармагынын өкүлдөрү кирди.   Кеңештин максаты – рыноктогу абалды жөнгө салуу жана калкты биринчи кезекте зарыл болгон азык-түлүк товарлары менен камсыздоо.… Кененирээк…

Бишкекте жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө айып пул салуу уланууда

Бишкекте жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө айып пул салуу уланууда. Ички иштер министрлигинин Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, акыркы бир жумада эле ордо калаада дээрлик 6 миңдей мыйзам бузуу катталган. Рейддердин жүрүшүндө 241 жөө жүргүнчүгө айып салынды. Белгилеп кетсек, жөө жүргүнчүнүн жолду туура эмес жерден кесип… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын баасы дагы эле төмөндөөдө

Кыргызстанда доллардын баасы дагы эле төмөндөөдө. Бүгүн борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 84 сомдон сатып алып, 85 сомдон сатууда. Сутка ичинде төмөндөө үч сомду түздү. Ошол эле учурда Улуттук банкта доллардын расмий курсу бүгүнкү күндө  87 сом 95 тыйынды түздү.… Кененирээк…

Парламент өкмөттүн төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Парламент өкмөттүн төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан кабарлашкандай, анын аталган кызматка дайындалышына жыйындагы жалпы 68 депутаттын баары макул болду. Эске салсак, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, буга чейин Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу… Кененирээк…

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду. Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта шаардын аймагында жылуулук өчүрүлөт, — деп… Кененирээк…

Баткендеги Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан деп өзгөртүлөт

Баткендеги Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан деп өзгөртүлөт. Бизге Кадамжай райондук администрациясынан билдиришкендей, мындан тышкары айыл өкмөттүн ичиндеги эки айылдын аталышы да алмашат. Алардын бири Жеңиш айылы, экинчиси Ак-Өргө деп өзгөртүлөт. Тиешелүү чечимди жергиликтүү бийлик жактырды. Эми акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

Кыргызстан англис тилин билүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 5 позицияга төмөндөдү

Кыргызстан англис тилин билүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 5 позицияга төмөндөдү. Республика азыр 101-орунда турат. Башкача айтканда, карапайым кыргыз өзү жөнүндө бир нече гана сөз айта алат. Англис тили боюнча абал Тажикстанда да начар, ал 103-орунду ээледи. Салыштыруу үчүн, Казакстан 96, Өзбекстан 88-орунда жайгашкан. Аталган тилди… Кененирээк…

Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабаралашкандай, бул тууралуу өкмөттүн Адам укугу боюнча координациялык кеңешмесинде талкууланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында документтери жок 5 миңдей этникалык кыргыз бар.