Кыргызстандын түштүгүндө айдап-себүү иштери 80 пайызга аяктады

Кыргызстандын түштүгүндө айдап-себүү иштери 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди. Ал эми өлкөнүн түндүгүнө келсек, иштин 50 пайызы бүттү. Бул аба ырайынын шарттарына байланыштуу. Чиновник ошондой эле Кыргызстанда март айындагы жаан-чачын нормадан көп болгону дыйкандардын ишине оң таасирин… Кененирээк…

Гаитинин жашоочулары жол кире кымбаттаганына байланыштуу аэропортту талкалап салышты

Гаитинин жашоочулары жол кире кымбаттаганына байланыштуу аэропортту талкалап салышты. Коомдук транспортто жол кире кымбатташы жана адам уурдоо Гаитиде массалык демонстрацияларды жаратты. Шейшембидеги тополоң учурунда эл аэропортко кирип, имаратты талкалап, жеңил учакты өрттөп салышкан. Ле-Ке шаарында полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана ок атуучу куралдарды… Кененирээк…

Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобой

Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, кыргызстандыктарды ойноого уруксат берген компаниялар жабылат. Ал кошумчалагандай, бул мыйзам долбоору туристтерди тартууга багытталат. Эске салсак, Кыргызстанда 2012-жылы жабылган казинолорду кайра ачуу демилгесин Экономика министрлиги көтөрүп чыкты. Муну менен бюджет жылына 2 миллиард… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты. Билим берүү министрлигинин мааалыматына караганда, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңдей окуучу катышты. Кыргызстандын атынан 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

Коронавирусту эми 40 мүнөттүн ичинде аныктаса болот

Коронавирусту эми ыкчам аныктаса болот. Чет элдик уюм Кыргызстанга атайын жабдыктарды тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, диагностикалык система 40 мүнөттө инфекцияны так изилдей алат. Анализдин жыйынтыгын мурдагыдай 4-5 сааттап күтүү муктаждыгы болбойт. Мындан тышкары, аппарат менен кургак учукту аныктоо боюнча тест жүргүзсө болот. Тапшырылган… Кененирээк…

Кыргызстанда кумшекердин баасы турукташа баштады

Кыргызстанда кумшекердин баасы турукташа баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ири соода түйүндөрүндө 1 килограмм кант чектөө менен 60 сомго чейин, андан ашыгы 77 сомдон сатылууда. Эске салсак, Россия кумшекер жана суу майды экспорттоого убактылуу тыюу салгандан кийин өлкөдө аталган… Кененирээк…

Ата-энесинен ажыраган балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлдү

Ата-энесинен ажыраган балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлдү. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдиргендей, быйылкы жылдан тарта томолой жетимдерге 6 миң сомдон төлөнүүдө. Ал кошумчалагандай, бул сумма бир үй-бүлөдө канча бала болсо ар бирине өзүнчө тиешелүү болот. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ата-эненин кароосу жок… Кененирээк…

“Өтмөк” ашуусу бүгүн убактылуу жабылат

“Өтмөк” ашуусу бүгүн убактылуу жабылат. Ички иштер министрлигинин Таластагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, мунун себеби аталган ашуудагы көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу. Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз. Белгилеп кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин… Кененирээк…

Кыргыз жарандыгына өтүүнү каалагандар көбөйдү

Кыргыз жарандыгына өтүүнү каалагандар көбөйдү. “Азаттыкка” Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков билдиргендей, көрсөткүч соңку эки жылда кескин өстү. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын жарандыгын алгысы келгендер 90 пайызды түзөт. Ал эми 10 пайызы жарандыктан чыккандар.