Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабаралашкандай, бул тууралуу өкмөттүн Адам укугу боюнча координациялык кеңешмесинде талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында документтери жок 5 миңдей этникалык кыргыз бар.