Быйыл мектеп, медициналык мекеме жана башка социалдык объектилерди курууга 13 миллиард сом бөлүндү

Быйыл мектеп, медициналык мекеме жана башка социалдык объектилерди курууга 13 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсе көп.   Андан тышкары, энергетикалык коопсуздукту камсыздоого үстүбүздөгү жылы 12,5 миллиард сом бөлүндү. Салыштыруу үчүн, былтыр бул… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт

Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн эсине – эртеңден тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт.   Мэриянын басма-сөз кызматынан эске салышкандай, “Тулпар” электрондук билеттештирүү системасы толук кандуу ишке киргизилет.   Ар бир автобус-троллейбуска валидаторлор орнотулган, жүргүнчүлөр ал аркылуу “Тулпар” картасы менен жол кире төлөшү керек. Буга чейин ордо… Кененирээк…

Окуучулардын тамагын 7 сомдон 14 сомго көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мектептердеги ар бир окуучунун күнүмдүк тамагына каралган 7 сомду 14 сомго көтөрүү жөнүндө токтом долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.   Жыйынга билим берүү жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева катышып, күнүгө 14… Кененирээк…

Кыргызстандагы 400 мектептин окуучулары ысык тамак менен камсыз боло элек

Кыргызстандагы 400 мектептин окуучулары ысык тамак менен камсыз боло элек. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, ысык тамак ашканасы бар билим берүү мекемелеринде гана берилет. Ал белгилегендей, ысык тамак уюштурууга өлкөдөгү 1 миң 775 мектепте шарт бар. Кошумчаласак, министрлик ашпозчулардын эмгек акысын гана… Кененирээк…

1-августтан баштап бардык тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Ушул жылдын 1-августунан баштап бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди. Ал ишендиргендей, алтын кендин эсебинен учурда бюджетте кошумча киреше булагы пайда болду. Анын негизинде коомчулуктагы эң негизги үч кесиптин ээлери: мугалимдер, дарыгерлер жана маданият кызматкеринин айлык акыларын… Кененирээк…

«Манас» аэропортунан Бишкекке экспресс автобустар каттай баштады

«Манас» аэропортунан Бишкекке экспресс автобустар каттай баштады. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, учурда 12 маршруттук такси каттамга чыкты. Транспорт жарым сааттык аралык менен күнү-түнү жүрө баштады. Кичиавтобустар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, акыркы чеги түштүк кичирайондору болот. Аларды капталындагы Go bus деген жазуу аркылуу таанууга… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары ант беришти

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ант берди. Тактап айтканда, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаев ант берди. Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышууда.  

Жалал-Абадда шаурмага массалык уулануу катталды

Жалал-Абад шаарында массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага жаткырылды. “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Уулангандардын айтымында, алар шаурма жеген. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Билим берүү министри БУУнун Париждеги саммитине катышты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Парижде БУУнун генералдык ассамблеясынын “Билим берүүнү трансформациялоо” темасындагы саммитине катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саммитте Бейшеналиев Кыргызстандын атынан билим берүү тармагын каржылоо жана санариптештирүүгө багытталган маселелерди көтөрдү. Аталган жыйынга дүйнө жүзү боюнча 100гө… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын 65%дан ашыгы үчүн жумушсуздук негизги көйгөй

Кыргызстандыктар өлкөнүн орчундуу көйгөйлөрүн аташты. Өлкөдөгү аналитикалык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда, бул — жумушсуздук, кымбатчылык жана коррупция. Респонденттердин 66 пайыздан ашыгы жумушсуздукту Кыргызстандагы негизги көйгөй деп эсептешет. Экинчи жана үчүнчү орундарда жогорку баалар жана коррупция. Андан кийинки орунда суу, социалдык жөлөкпулдар, согуш жана саламаттык сактоо… Кененирээк…