Кыргызстандагы 400 мектептин окуучулары ысык тамак менен камсыз боло элек

Кыргызстандагы 400 мектептин окуучулары ысык тамак менен камсыз боло элек.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, ысык тамак ашканасы бар билим берүү мекемелеринде гана берилет.

Ал белгилегендей, ысык тамак уюштурууга өлкөдөгү 1 миң 775 мектепте шарт бар.

Кошумчаласак, министрлик ашпозчулардын эмгек акысын гана төлөйт, ал эми имаратты оңдоп-түзөөнү жергиликтүү бийлик жүргүзөт, ашкана жабдуулары болсо эл аралык донорлордун эсебинен сатылып алынат.