Кыргызстандык 300 адам Япониянын фабрикаларына иштей алат

Кыргызстандык 300 адам Япониянын фабрикаларына иштей алат. Мындай келишим кечээ Эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Кубандык Акматбеков менен Япония ишканасынын жетекчиси Широ Сурумакинин ортосунда түзүлдү.   Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар аталган мамлекетке окууга жана андан ары “техникалык үйрөнгүч” программасынын алкагында… Кененирээк…

Нарын шаарында коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн 5 электробус алынат

Нарын шаарында коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн 5 электробус алынат.   Бул тууралуу калаанын вице-мэри Майрамбек Жунусов билдирди. Маалыматка ылайык, заманбап автобустарды алууга республикалык бюджеттен каражат бөлүндү.   Эми тендер жарыяланып, транспортту сентябрда алып келүү пландалууда.  Электробустар 28 орундуу, бир жолу кубаттап 80-100 чакырымга чейин… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде биринчи жана экинчи класстын окуучуларына баа коюлбайт

Кыргызстан мектептеринде биринчи жана экинчи класстын окуучуларына баа коюлбайт. Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, балдардын билими үчүнчү классттан тарта гана бааланып баштайт.   Жаңычылдык келе жаткан окуу жылынан тарта киргизилет деп пландалууда. Министр белгилегендей, орто билим берүү системасында эми чет… Кененирээк…

Жыл аягына чейин өлкөдө 66 мектеп курулуп, оңдолуп бүтөт

2022-жылы 66 мектеп жаңы салынып, оңдолуп бүтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирген. Анын айтымында, 2021-жылы 59 мектеп оңдолуп, жаңы курулган.   «Эки жылда 125 мектепти жаңылаган болобуз. Мунун ичинен 104ү жаңы курулду. Быйыл Бишкекте 15 мектеп, эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат», —… Кененирээк…

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерине “самокат” жана “электр самокат” терминдерин киргизүү сунушталды

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерине “самокат” жана “электр самокат” терминдерин киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынын жетекчиси Алмазбек Исаков билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте учурда велосипед жана самокаттарды ижарага берген түйүндөр ачылып жатат. Басымдуу учурларда алар тиешелүү эмес тилкелерде орнотулууда.  Андыктан, Кайгуул милиция мэрияга кайрылып,… Кененирээк…

Өлкө бийлиги энергетикалык суусундуктарга акцизди убактылуу төмөндөтүүнү сунуштады

Өлкө бийлиги энергетикалык суусундуктарга акцизди убактылуу төмөндөтүүнү сунуштады. Экономика министрлиги алкоголсуз энергетиктерге акциз салыгын 10 эсе азайтуу жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Чиновниктердин пикиринде бир литр үчүн акциз салыгын 10 сомдон 1 сомго чейин түшүрүп, муну менен бизнеске колдоо көрсөтүп, калк үчүн товарды… Кененирээк…

Билл Гейтс байлыгын толугу менен кайрымдуулукка жумшай турганын жарыялады

Билл Гейтс байлыгын толугу менен кайрымдуулукка жумшай турганын жарыялады. Жакынкы арада Майкрософт компаниясынын негиздөөчүсү Gates Foundation фондуна 20 миллион доллар которот.   Эске салсак, аталган фонд 2000-жылы негизделип, АКШдагы эң ири фонд болуп эсептелет. Анын активинде дээрлик  51 миллиард доллар бар.   Уюмдун башкы багыттары… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Сүйүмбаев, Темиров, Патрис Лумумба, Дэн Сяопин көчөлөрүндө, 4-7-кичи райондордо, Бакай-Ата, Ак-Тилек конуштарында, Орто-Сай, Маевка айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Санкт-Петербург шаарына кошумча аба каттамдар ачылды

Санкт-Петербург шаарына кошумча аба каттамдар ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык,  россиялык авиакомпания Бишкек – Санкт-Петербург – Бишкек каттамын эми шейшемби жана шаршемби күндөрү дагы аткарат.   Буга чейин бул багытта учактар жумасына бир жолу гана – ишембиде аткарылып келген.

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга 20-июлдан кийин жеткирилет

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга 20-июлдан кийин жеткирилет.   Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Ушул жумада COVAX программасынын алкагында препаратты жеткирүү суроосу жактырылды.   Өлкөгө аталган вакцинанын 100 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Ал эми учурда кыргызстандыктарга кытайлык Sinopharm препараты жеткиликтүү.