Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга кайрадан тендер жарыялады.
Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, катышуучулардан документтер 21-июлга чейин кабыл алынат.
Эске салсак, мэрия 1-июлда тендер жарыялап, сынакка 4 компания катышкан. Бирок алар техникалык талаптарды аткарбаганына байланыштуу, тендер жокко чыгарылган. Газ менен жүргөн 100 автобусту сатып алууга мэрия 1 миллиард сом жумшайт.