Кыргызстанда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, “Социалдык келишим” долбоору республиканы толук камтып, кичи бизнес баштап, жашоо шартын жакшыртууга колдоо көрсөтүү максатында аз камсыздалган үй-бүлөлөр тандалат.

 

Бул максатта 292  миллион сом бөлүнөт. Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору февралда Кадамжай жана Жумгал райондорунда ийгиликтүү ишке ашырылган.