Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу убактылуу чектелет

20-21-июлда күндөрү “Ысык-Көл” аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 

Бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.

 

Чектөө учурунда жол боюна токтотулган унаалар эвакуацияланат, — дешти ведомстводон.