Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча координациялык кеңеш түзүлөт

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча шаардык деңгээлде координациялык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим аталган темага арналган координациялык кеңешменин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.
«Жыйынга вице-мэр Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жарандык жана өкмөттүк эмес секторлордун өкүлдөрү катышты», — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун негизги темасы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатында кызматташуу болгон. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын аныктап, аларга муниципалдык кызматтарды көрсөтүп, колдоо маселелерин талкуулашкан.