Жыл башынан бери 31,7 миллиард сом бажы төлөмү чогулду

Каржы министрлигине караштуу Бажы кызматы 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, алты айда 31,7 миллиард сом бажы төлөмү чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 11,7 миллиард сомго көп.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден кошумча нарк салыгы жок төлөм 23,9 миллиард сомго жетти. Бул 2021-жылдын алагчкы жарым жылдыгына караганда 14,5 миллиард сомго арбын.

Алты айдын аралыгында бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 1,5 миңдей факт катталып, анын басымдуу бөлүгүнө (1369) кылмыш иши козголгон. Натыйжада 8,1 миллион сом айып пул салынып, 160 миллион сомдон ашык бажы төлөмү төлөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында алты айда товарлардын экспорту 1 млн 85 миң тоннаны түзүп, импорттон салмак жагынан 13,8%га ашканын (953,9 миң тонна) билдирген.

Анда «ошол эле учурда нарк жагынан 30 жылдан берки келе жаткан олуттуу айырма дагы деле сакталып жатат. Бирок ага карабастан, салмак жагындагы так сандар – бажы тармагындагы башкаруунун жакшырып бараткандыгын тастыктап жатат. Айрыкча Эркечтам менен Торугарттан өткөн Кытай товарларынын импортунда товарларды салмак жагынан теңдедик. Эмки милдет нарк жагында турат. Кандай товар кирип жаткандыгына анализ болмоюнча бажыдагы коррупцияны жок кыла албайбыз. Адам факторун кыскартуунун үстүндө максималдуу иштер жүрөт», -деп айткан.

Өткөн айда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүнө байланыштуу эки башка маалыматтарды текшерүү үчүн мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүлөрү кабарланган.