Кыргызстандык саякатчыларды кызыктырган негизги багыттар аталды

Кыргызстандык саякатчыларды кызыктырган негизги багыттар аталды. Аларга Түркия, Испания, Финляндия, Германия жана Италия кирет. Бирок, европалык багыттар боюнча саякаттар 2,5 гана пайызды түзөт. Мындай жыйынтыкка билеттерди брондоо сайтынын талдоочулары келишти. Колдонуучулар билет сатып алган алдыңкы өлкөлөргө Россия жана Түркия кирет. Алсак, кыргызстандык туристтердин 80 пайызы… Кененирээк…

Жалал-Абад: 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду

Жалал-Абадда 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, тет татым жайы 7 миң 500 сом штраф төлөп, мындан ары иштебей турган болду. Эске салсак, Жалал-Абад шаарында тез татымдардын биринен шаурма жеген 35 адам ууланган. Учурда алардын 27си облустук оорукананын… Кененирээк…

Бишкекте президенттин катышуусунда салыкчылардын күнүнө арналган иш-чара өтөт

Бүгүн, 1-июлда, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Садыр Жапаров катышат. Иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Түз эфир божол менен саат 11:00дө башталат.

“Түндүк электр” ишканасы абоненттерди энергияны үнөмдөөгө чакырат

“Түндүк электр” абоненттерди энергияны үнөмдөөгө чакырат. Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү Чүй жана Талас облустарынын бардык райондорунда, өзгөчө Бишкек шаарында электр энергиясын пайдаланууда олуттуу өсүш байкалды. Алсак, 30-июнга карата суткалык керектөө 14 миллион 350 миң кВт/сааттан ашты. Бул белгиленген керектөө лимитинен 2 миллион… Кененирээк…

Кыргызстандын Кытайга карызы дээрлик 2 миллиард долларга жакындады

Кыргызстандын Кытайга карызы дээрлик 2 миллиард долларга жакындады. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын Кытайдын банкына болгон тышкы карызы 1 миллиард 794 миллион долларды түздү, бул 147 миллиард сомдон ашат. Министрлик быйыл кредиторго 112 миллион доллар төлөөнү пландоодо. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Кытайга мамлекеттик тышкы карызды… Кененирээк…

Мамлекеттик банктар Баткен облусуна жеңилдетилген насыяларды бере баштайт

Мамлекеттик банктар Баткен облусуна жеңилдетилген насыяларды бере баштайт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кредит “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында ушул жыл ичинде аймактагы чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда иш алып барган жеке жактарга, ошондой эле кичи жана орто бизнеске берилет.

Бишкек жана Чүйдө күндүн ысыгы бир аз басаңдайт

Синоптиктер бүгүн жана эртең Бишкек жана Чүйдө күндүн ысыгы бир аз басаңдай турганын билдиришти. Метеорологдордун маалыматы боюнча, ордо калаада абанын максималдуу температурасы 30…32, облустарда 31…34 градус жылуу болот. Ошол эле маалда жекшемби күнү абанын табы кайрадан көтөрүлөт. Бул күнү күндүз 36 градуска чейин ысыйт. Ал… Кененирээк…

Накталай доллар тартыштыгынын себеби айтылды

Өлкөдөгү накталай доллар тартыштыгынын себеби айтылды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев парламент жыйынында түшүндүрдү. Ал белгилегендей, Россия валюта рыногунда нак жана накталай эмес АКШ долларынын ортосундагы айырма көйгөйү бар. “Эми бул көйгөй бизге да өттү. Коммерциялык банктар Кыргызстанга накталай ири суммадагы АКШ валютасын… Кененирээк…

Садыр Жапаров казинонун ишине уруксат берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров казинолор тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берилмей болду. Мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат. Белгиленгендей, кумарканаларды бала-бакчалардын, мектептердин, университеттердин, диний мекемелердин жана турак жай имараттарында ачууга болбойт. Эске… Кененирээк…