“Түндүк электр” абоненттерди энергияны үнөмдөөгө чакырат.
Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү Чүй жана Талас облустарынын бардык райондорунда, өзгөчө Бишкек шаарында электр энергиясын пайдаланууда олуттуу өсүш байкалды.
Алсак, 30-июнга карата суткалык керектөө 14 миллион 350 миң кВт/сааттан ашты.
Бул белгиленген керектөө лимитинен 2 миллион 700 миң кВт саатка же 23 пайызга жогору, — деп айтылат маалыматта.