Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кеки 5ке чейин Салиева, Турусбеков, Рыскулов, Ахунбаев, Малдыбаев, Байтик Баатыр, Горький көчөлөрүндө, Нур, Көк-Жар, Киргизия-2 конуштарында жана Кара-Жыгач, Арашан, Лебединовка, Кош-Коргон, Сайлык, Кызыл-Суу айылдарында, Токмок шаарында жок… Кененирээк…

Бишкектин 56 мектебинин директорлук кызматына сынак жарыяланды

Бишкектин 56 мектебинин директорлук кызматына сынак жарыяланды.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, бул билим берүү мекемелеринин жетекчилери ордун 5 жылдан ашык ээлеп келген.   Эске салсак, президент кол койгон жарлыкка ылайык, өлкө аймагында 1 миңге жакын мектеп директору элеген ордун жаңы… Кененирээк…

Кыргызстанда балдарга карата зомбулук көрсөтүү үчүн жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда балдарга карата зомбулук көрсөтүү үчүн жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айып көбөйтүлөт.   Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана эч кандай мунапыс… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев Ислам Шериктештиги Оюндарында алтын байгенин ээси болушту

Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев Ислам Шериктештиги Оюндарында алтын байгенин ээси болушту. 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал эми 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Учурга… Кененирээк…

Бишкектеги троллейбустардын линиялары жаңыланды

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы борбор калаадагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууну аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Линиялар төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү: — Карл-Маркс жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Донецк көчөсүнө чейин; — Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй кең көчөсүнө чейин; — Абдрахманов жана… Кененирээк…