Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам 2022-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   “Мыйзамдын максаты — баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү, баалуу металлдар… Кененирээк…

Дэн Сяопин жана Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишкен жери жабылат

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу Дэн Сяопин жана Барпы Алыкулов ккөчөлөрүнүн кесилишкен жери жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, 15-августтан тартып 24-августка чейин Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу Дэн Сяопин көчөсүнүн Кустанайский көчөсүнөн тартып, Ключевая көчөсүнө чейинки бөлүгү… Кененирээк…

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан – Азербайжан Ынтымак паркы ачылат

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан – Азербайжан Ынтымак паркы ачылат. 31-августта ошондой эле дагы бир эс алуу аймагы иштеп баштайт, Балалык багы – ал Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде жайгашат.   Анда учурда соңку көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

Ордо калаа мектептеринде 27 миң орун жетишсиз

Ордо калаа мектептеринде 27 миң орун жетишсиз. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, Бишкекте жалпысынан                              97 муниципалдык мектеп бар, алар эки смена менен 150 миң окуучуга эсептелсе, иш жүзүндө окуучулардын саны 177 миңден ашат.   Бул маселени чечүү үчүн 15 мектеп курулуп жатат,… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн айрым тилкелери бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн айрым тилкелери бир тараптуу болот. Тиешелүү чечимди мэрия кабыл алды.   Ага ылайык, Унаалар Шопоков көчөсүнүн Киев – Чүй, Панфилов көчөсүнүн Киев – Чүй, Логвиненко көчөсүнүн Киев – Чүй тилкелеринин бир жагынан гана жүрө алат.   Жакынкы арада тиешелүү жол белгилери… Кененирээк…

АКШда кесипкөй уйкучу талап кылынууда

АКШда кесипкөй уйкучу талап кылынууда. Кызыктуу жана өзгөчө вакансияны матрас саткан дүкөн жарыялады. Кызматкер жата бергенди жана уктаганды жакшы көрүшү керек.   Айрым учурда гана дүкөндүн социалдык тармактары үчүн видео тартып турса жетиштүү болот.

Россия өкмөтү Жалал-Абадда орус тилдүү мектеп курат

Россия өкмөтү Жалал-Абадда орус тилдүү мектеп курат.   Анда 1 миң 200 окуучу билим ала алат. Биздин бийлик бул максатта 2,5 гектар жер бөлүп берди. Бирок Россиядан келген адистер мектеп имараты, эки спорт зал, эки бассейн жана жатакана үчүн 3 гектар жер тилкеси талап кылына… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каржылык колдоо  өлкөнүн бардык аймактарында көрсөтүлөт

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каржылык колдоо  өлкөнүн бардык аймактарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга, жеке ишкерлик баштоого 100 миң сомдон берилет. Бул үчүн алар кадимкидей бизнес-план түзүшү керек.

Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и тесттен өттү

Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 11-августта компьютердик тестирлөө өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, ага жалпысынан 220 адам катышып, 61 тесттен өттү.   Ушул эле күнү мындай сынак Баткенде дагы өткөрүлдү жана 147 талапкердин 60ы керектүү балл топтой алды. Аталган министрлик… Кененирээк…

Англия тургуну Кейт Джейден дүйнөлүк рекорд орнотту

Англия тургуну Кейт Джейден дүйнөлүк рекорд орнотту. Ал 106 күн катары менен 106 марафон чуркап өттү. Аял  өткөн жылдын 31-декабрында күн сайын  42 чакырымдан чуркап баштап, бул марафонун 2022-жылдын 15-апрелинде жыйынтыктады.   Джейдендин айтымында, ал дайыма чуркап турат, марафон, ультрамарафондорго байма-бай катышат.