Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон сакталууда

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, эки өлкөнүн тартип сакчылары биргелешип кайгуул уюштуруп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан тышкары, аймактагы жол коопсуздугу камсыздалып жатат.