Чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти

Чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти. Алардын ичинен 61 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат.   Жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кан жана дары-дармек жетиштүү, — дешти ведомстводон.   Эске… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринен мобилдик топ түзүлүп, алар жаңжал учурунда документтерин жоготуп алгандардын тизмесин түзөт. Көчмө калкты тейлөө борборлору бардык жабдуулар менен камсыздалып, жеринде кызмат көрсөтүүгө ылайыкталган.

Дүйнөнүн эң кирешелүү футболчуларынын рейтингинде лидер алмашты

  Дүйнөнүн эң кирешелүү футболчуларынын рейтингинде лидер алмашты. Эми анын сап башында ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе жайгашат. Француз клубу менен жаңы келишимге кол коюп, жаш футболчу автоматтык түрдө бул орундан Лионель Мессини жылдырды.   Бул сезондо Мбаппе 125 миллион долларга байыйт. Месси 110 миллион менен… Кененирээк…

Баткен облусунда билим берүү процессин толук кандуу жандантуу чечимин штаб кабыл алат

  Баткен облусунда билим берүү процессин толук кандуу жандантуу чечимин штаб кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, аймакта 195 мектепте окуу токтотулган. Баткен жана Лейлек райондорунун айрым мектептеринде эвакуацияланган жарандар жайгаштырылган.   Алардын бардыгы үйлөрүнө кайткандан… Кененирээк…

Баткен облусунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат

Баткен облусунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, тартип сакчылар жеринде кайгуул жүргүзүп, айрым тилкелерде нөөмөт уюштурулду. Өздүк курам тамак-аш жана башка зарыл буюмдар менен камсыздалган. Кол… Кененирээк…

Садыр Жапаров БУУ трибунасынан Тажикстандын Кыргызстанга кол салганын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун трибунасында, аталган уюмдун Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туурасында сүйлөп, Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз, куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акцияларды жасап жаткандыгын билдирди. «Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Чүй электр тармактарынан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Ахунбаев, Панфилов, Турусбеков көчөлөрүндө, 4-кичи райондо, Көк-Жар, Бакай-Ата, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Дордой конуштарында жана Аламүдүн, Беш-Күнгөй, Шабдан, Кичи-Кемин айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр… Кененирээк…

Бишкекте аз камссыздалган үй-бүлөлөргө акысыз отун тапшырылат

Бишкекте аз камссыздалган үй-бүлөлөргө акысыз отун тапшырылат. Мэрия маалыматына ылайык, “Бишкек жашыл чарба” бак-дарактарды бутагандан кийин чогулган отун 133 үй-бүлөгө берилип баштады.   Жалпысынан мындай отундан   200 кубометрден ашык чогулган.

Баткенге жардам катары элден дээрлик 179 миллион сом чогулду

Баткенге жардам катары элден дээрлик 179 миллион сом чогулду. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Каражат азырынча эч кандай муктаждыкка жумшала элек.   Эске салсак, материалдык колдоону бардык каалоочулар көрсөтүп, акча которо алат. Тиешелүү реквизиттер novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.

Баткенде тажик тараптын кол салуусунан бузулган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Баткенде тажик тараптын кол салуусунан бузулган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. “Улуттук электр тармактарынан” билдиришкендей, куралдуу кагылышууда трансформаторлор жана аба чубалгылары жарактан чыккан.   Анын кесепетинен Баткен районунун 6, Лейлектин 32 айылы жарыксыз калган.   Учурда 9 миң 831 абонент кайрадан электр энергиясына… Кененирээк…