Өлкөдө мыкты делген 70 студентке Садыр Жапаров стипендия тапшырды

Бүгүн, 16-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

 

Республиканын мыкты студенттери мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
Президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттердин тизмеси менен министрликтин сайтынан таанышсаңыз болот.
Эске салсак, өткөн жылы мыкты аталган 80 студент мамлекет башчынын колунан 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия алган.