Бишкек жана Чүй облусунда бүгүнтөн тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун көчмө камералары иштеп баштады
Бишкек жана Чүй облусунда бүгүнтөн тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун көчмө камералары иштеп баштады. Бул тууралуу novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жалпысынан 20 аппарат иштеп жатат. Алар бузууларды автоматтык түрдө каттап, Мониторинг борборуна жөнөтөт. Андан кийин айып кагазы унаа ээсинин дарегине жөнөтүлөт.