Баткенге 1 миң 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди

Баткенге 1 миң 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, анын ичинен 166 тонна министрлик тарабынан, 792 тонна жарандардын өз күчү менен жөнөтүлдү. Учурда кампада 172 тонна гумжардам турат. Белгилеп кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардам чогултуу боюнча жалпы 184… Кененирээк…

Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолун калыбына келтирүү иштери уланууда

Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолун калыбына келтирүү иштери уланууда. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, 12-сентябрдан тарта аталган трассанын 32-чакырымынан 46-чакырым аралыгында жол тейлөө ишканасы тарабынан жер иштери аткарылууда. Жумуштарга 1 бульдозер, 1 жүктөгүч жана 2 экскаватор тартылган.

УКМК такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды

Ал арада УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды. Мекемедегилер кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш башталгандан бери жалган, такталбаган маалыматтардын агымы күч алганын белгилеп, бул аймактагы кырдаалдын ансайын курчушуна алып келерин эскертти. Мамлекеттик чек арага байланыштуу бардык маалыматтар расмий сайттарда жана… Кененирээк…

Баткен облусунун аймагында түн тынч өттү

Баткен облусунун аймагында түн тынч өттү. Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, жалпысынан алганда кырдаал тынч. Ал кошумчалагандай, эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүн да чек арада иш алып барышат. Чиновник ошондой эле жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына иш сапары аяктады. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү. Ал БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн… Кененирээк…

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кырдаал тынч

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кырдаал тынч. Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арада атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактоо үчүн кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен биргелешип иштеп жатышканын билдирди. Ал ошондой эле жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.