Кара-Суу районунда 90 орундуу жаңы бала бакча ачылды
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Башбулак айылында 90 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Курулуштун сметалык баасы 16 миллион 461 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланган.