Кыргызстанга унаа импорттоо көрсөткүчү жакшырды

Кыргызстанга унаа импорттоо көрсөткүчү жакшырды. Өткөн жылга салыштырмалуу, үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөгө 3 эсе көп транспорт жеткирилди, — дешти Улуттук статистика комитетинен.   Жеңил машинелер эң көп Грузиядан ташылып жатат – 6 миң 200, Россиядан 3 миң 688 жана Түштүк Кореядан 3 миң 331.… Кененирээк…

Оштун 75 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов түштүк калаадан Түркиянын Бурса жергесине велосипед менен жетти

Оштун 75 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов түштүк калаадан Түркиянын Бурса жергесине велосипед менен жетти. Бул жерде бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндары башталат.   Анын айтымында, Оштон ал 5-августта чыгып, жолдо 45 күн жүрдү. Каттамдын узундугу 6 миң чакырымга жетти. Ал Казакстан, Өзбекстандын чөлдөрү, Азербайжан жана Грузиянын… Кененирээк…

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун “кара тизмесинен” качан чыга турганы жыл аягында белгилүү болот

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун “кара тизмесинен” качан чыга турганы жыл аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Александр Настаев билдирди.   Анын айтымында, учурда жол картасын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эске салсак, Кыргызстан 2006-жылдан бери “кара тизмеде”. Андан чыгуу үчүн… Кененирээк…

Өлкөдө сүт өндүрүмү жогорулады

Өлкөдө сүт өндүрүмү жогорулады. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, январдан августка чейин Кыргызстанда 1 миллион 181 миң тонна азык өндүрүлдү.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 24 миңге көп. Ведомство мындай жыйынтыкты саан уйлар көбөйгөнү менен байланыштырды.

Кыргызстанда бардык экономикалык тармактардагы ишкердүүлүктө айлык жогорулаганы аныкталды

Кыргызстанда бардык экономикалык тармактардагы ишкердүүлүктө айлык жогорулаганы аныкталды. Ушул жылдын январь айынан июлга чейинки маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады.   Эң көп маяна искусство, көңүл ачуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө тармактарынын кызматкерлеринде өстү. Анын ортосунда, каржыдык ортомчулук, пайдалуу кен казуу, маалымат жана байланыш… Кененирээк…

Бүгүн Түркияда дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат

Бүгүн Түркияда дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. Маданият министрлигинен билдиришкендей, салтанатту ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да старт алат.   Ага Кыргызстандын атынан 150гө чукул спортчу катышат. Көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө… Кененирээк…

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларында коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулат

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларында коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Ички иштер министрлигинин атайын кызматынын пульту менен байланыштырылат.   Бул максатта дээрлик 1 миллион сом каралды. Ленин районунда азыркы тапта 30 мектепте жана 18 бала бакчада мындай баскычтар пайда болду. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда блогерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары ЖМКга теңелиши мүмкүн

Кыргызстанда блогерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары ЖМКга теңелиши мүмкүн. Президент администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, аны коомдук талкууга чыгарды.   Ага ылайык, интернет айдыңында укуктук жөнгө салуу киргизилет. Тактап айтканда, интернетте маалымат тараткандын бардыгы, анын ичинде блогерлерге ЖМК макамы берилет.   Бул… Кененирээк…

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандарды үйлөрүнө жеткирүү башталды

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандарды үйлөрүнө жеткирүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алгач мэрия тарабынан  20 кичи автобус тартууланып, 500 адам Баткенге жөнөп кетти. Калгандары жакынкы арада жолго чыгат.   Белгилеп кетсек, жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда 140 миңге чукул адам үйлөрүн таштап… Кененирээк…

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. “Ал өзгөчө ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалган”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Ошондой эле ведомстводон ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп… Кененирээк…