Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Арменияга иш сапары менен келди. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Эске салсак, мамлекет башчы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Нарын шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Нарын шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, курулушка республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 140 миллион сомдон ашык каралып, бүгүн капсула салынды. Белгилеп кетсек, буга чейинки мектепке окуучулар батпай калган.

Бишкекте 90дон ашуун жарнама баннери демонтаждалды

Бишкектин Октябрь районунда жарнамалык конструкциялар алынууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Юнусалиев көчөсүнөн 93 даана баннер, 18 штенд, 7 лайтбокс алынды. Мыйзамсыз жарнактын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чаткалда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Чаткалда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекеме Каныш-Кыя айылындагы маданият үйүнүн бир бөлүгүндө жайгашты. Калкты тейлөө борборун уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 2,5 миллион сом сарпталды. Борбор Чаткал районунун 31 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтөт.

Социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине эки азык кошулат

Социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине эки азык кошулат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, тизмеге төө буурчак жана балык азыктарын кошуу пландалууда. Белгилеп кетсек, учурда азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги азыктар болуп нан азыктары, картошка, мөмө-жемиштер, жашылча,… Кененирээк…

Кыргызстан менен Казакстан туристтер үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо

Кыргызстан менен Казакстан туристтер үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул маселени эки өлкөнүн компетенттүү органдары жана гиддери талкуулап жатат. Белгиленгендей, мындай коридорлор чек арадан… Кененирээк…

Кийинки жылы Бишкектин аймагы кеңейиши мүмкүн

Кийинки жылы Бишкектин аймагы кеңейиши мүмкүн. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, ордо калаанын аймагын Чүй облусунун жанаша жайгашкан жерлеринин эсебинен кеңейтүү пландалууда. Учурда министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча бардык нюанстарды камтыган жаңы башкы план иштелип жатат, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта GoBus кызматы Ош шаарында иштей баштайт

Жаңы жылдан тарта GoBus кызматы Ош шаарында иштей баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыш боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди. Анын айтымында, кичиавтобустар кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетине чейин жүрөт. Белгилеп кетсек, GoBus кызматынын маршруткалары Бишкектен «Манас» аэропортуна… Кененирээк…

Ноокендеги калкты тейлөө борборунун курулушу 95 пайызга аяктап калды

Ноокендеги заманбап калкты тейлөө борборунун курулушу 95 пайызга аяктап калды. Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей Масы айылындагы имаратка райондун өнүктүрүү фондунан 24 миллион сом жумшалган. Жаңы калкты тейлөө борборунда электрондук кезек түзүү залы, мамлекеттик нотариус, ЗАГС бөлүмү, эне жана балага ылайыкташкан бөлмөлөр уюштурулган. Объектти декабрь айында… Кененирээк…

Газ менен жүрүүчү 120 автобус Бишкекке 15-декабрга чейин келет

Газ менен жүрүүчү 120 автобус Бишкекке 15-декабрга чейин келет. Калаа башчы  Эмилбек Абдыкадыров ишендиргендей, Кытайда автобусту курган ишкананын директору менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Маалыматка ылайык, транспорт негизинен шаардын борбордук көчөлөрүндө каттайт. Өз кезегинде, учурдагы айрым автобустардын жүрүү схемасын өзгөртүү пландалууда. Белгилеп кетсек, автобустар шаардык бюджеттин эсебинен… Кененирээк…