Мэрилин Монронун үлпөт көйнөгү аукционго коюлду

Мэрилин Монронун үлпөт көйнөгү аукционго коюлду. Лот кеминде 2 миллион долларга жетет деп күтүлүүдө. Кеп жакасы ак мехтеги кофе түстүү костюм жана юбка тууралуу болуп жатат. Голливуд жылдызы аны 1954-жылы январда бейсболчу Джо Ди Маджо менен баш кошууда тандаган. Бирок жубайлар тогуз ай гана жашаган.… Кененирээк…

Өлкөдө Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

Кыргызстанда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган. Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле… Кененирээк…

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 млн доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлөт. Макулдашуу министрлер кабинети тарабынан жактырылды. Насыяга берилген каражат “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Программа аз камсыз үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына кризистин таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, социалдык… Кененирээк…

Япония курамасы Германияны жеңгенден кийин кийим алмаштыруучу жайды тазалады

Япония курама командасы дүйнөлүк чемпионатта Германия менен болгон беттештен кийин кийим алмаштыруучу жайды тазалады. Алар ошондой эле стадиондун кызматкерлери үчүн ыраазычылык билдирүүсүн жана оригами фигураларды калтырышты. Таштандыларды япон күйөрмандары да тазалашкан. Эске салсак, Япония менен Германиянын бир күн мурун болгон жолугушуусу 2:1 эсебинде япониялыктардын пайдасына… Кененирээк…

Синоптиктер декабрдагы аба ырайы тууралуу айтып беришти

Синоптиктер декабрь айындагы аба ырайы тууралуу айтып беришти. Кыштын биринчи айынын болжолун Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн түндүгүндө термометрлер күндүз -3төн +9га чейин өзгөрүп, түнкүсүн 10 граудска чейин төмөндөшү мүмкүн. Өлкөнүн түштүк аймактарында абанын температурасы күндүз -2…+10, түнкүсүн -3…8 градус болот. Декабрь айында жаан-чачындын орточо… Кененирээк…

10 айда Кыргызстанда жол тармагына 17 миллиард сом бөлүндү

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жол тармагына 17 млрд сом багытталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, жол тармагында, тиешелүү материалдарды (битум) сатып алуу, жолдорду оңдоо, тейлөө жана башка иштерге 18,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. 2021-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар 2 эсеге өстү.   2021-жылы… Кененирээк…

Бишкекте жол куруу долбоорунун 3-фазасын ишке ашыруу талкууланды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытайдын эксперттик тобу менен жолугушту. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кытай тараптын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 28 күндүн ичинде иштелип чыгат. Коноктор ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясынын… Кененирээк…

Бишкекте алгачкы көп кабаттуу муниципалдык парковка пайда болот

Бишкекте алгачкы көп кабаттуу муниципалдык парковка пайда болот.   Мэрия маалыматына ылайык, объект Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашат. Бул тилкеде ошондой эле футбол талаасы, ворк-аунт аянты, сквер жана балдар аянтынын курулушу пландалды.   Учурда бул жерде гараж кооперативи бар. Октябрда шаар бийлиги профилдик органдарга документтерди иретке келтирип,… Кененирээк…

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.   Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө.Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Кыргызстандын 1,5 миңден ашык туристтик жери бир тизмеге киргизилди

Кыргызстандын 1,5 миңден ашык туристтик жери бир тизмеге киргизилди.   Туристтер үчүн эми тандалган объект боюнча бардык маалымат жеткиликтүү болот. Алсак, анын жайгашкан жери жана сүрөттөрү бир жерде жайгаштырылат.   Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, база тарыхый жана жаратылыш мурастарын анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Учурда саякаттоочуларга тоодо… Кененирээк…