Кыргызстандын 1,5 миңден ашык туристтик жери бир тизмеге киргизилди

Кыргызстандын 1,5 миңден ашык туристтик жери бир тизмеге киргизилди.

 

Туристтер үчүн эми тандалган объект боюнча бардык маалымат жеткиликтүү болот. Алсак, анын жайгашкан жери жана сүрөттөрү бир жерде жайгаштырылат.

 

Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, база тарыхый жана жаратылыш мурастарын анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Учурда саякаттоочуларга тоодо ыңгайлуу болушу үчүн жөө баса турган каттамдар түшүрүлүп жатат.