Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн ачылды

Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн ачылды. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, дүкөн Турусбеков көчөсүндө жайгашкан. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 24 адам товар өндүрүү менен алектенет. Алардын бардыгы кондитерлерден атайын окуудан өтүшкөн.