Кыргызстанда 100 үй бүлөгө 110 телевизор туура келет

Кыргызстанда 100 үй бүлөгө 110 телевизор туура келет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы 100 үй-бүлөгө орто эсеп менен 98 муздаткыч, 86 кир жуугуч машине, 10 магнитофон жана 42 чаң соргуч туура келген. Ошондой эле, орточо эсеп менен ар бир үй-бүлөдө экиден уюлдук телефон жана… Кененирээк…

Кыргызстан темир жолдорду модернизациялоо үчүн 12 млн доллар алат

Кыргызстан өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн 12 миллион доллар алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү макулдашууга Каржы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлду. Белгилеп кетсек, өкмөт башчы баштаган Кыргызстандын делегациясы учурда Японияда жүрөт. Ал… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык… Кененирээк…

«Сосновкада» оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө дагы эле күчүндө

«Сосновка» өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө дагы эле күчүндө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мындай чара аба ырайынын начардыгына байланыштуу. Жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Ал эми жеңил машинелер ээн-эркин өтө алышат, бирок айдоочулар бардык жол эрежелерин… Кененирээк…

Кытай астронавттары орбитада экипаждын биринчи айлануусун аяктады

Кытай астронавттары орбитада экипаждын биринчи айлануусун аяктады. Бул Кытай үчүн тарыхый жетишкендик. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, космостук кеме улуттук станцияга туташты. Бортто июнь айынан бери ошол жерде болгон мурунку команданы алмаштыра турган үч астронавт бар. Учуунун планы боюнча алар орбитада бир жума бирге болушат. Бул… Кененирээк…

БУУ дүйнө калкынын канча бөлүгү уюлдук телефон колдоноорун аныктады

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө калкынын канча бөлүгү уюлдук телефон колдоноорун аныктады. Жарыяланган документке ылайык, алардын саны планетада 73 пайызды түзөт. Ошол эле учурда уюлдук телефону барлардын эң көп үлүшү, тагыраагы, 93 пайызы Европада катталган. Африкада болсо 10 жаштан жогорку адамдардын 61 процентинде гана уюлдук телефон… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жыл башынан бери такси кызматтарына дээрлик 690 млн сом коротушту

Кыргызстандыктар жыл башынан бери такси кызматтарына дээрлик 690 миллион сом коротушту. Улуттук банктын статистикасында келтирилген маалыматка караганда, 2021-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу быйылкы жылдын башынан бери калктын такси кызматына кеткен чыгашасы 1,5 эсеге көбөйдү. Алсак, 5 миллион транзакция жасалган. Белгилеп кетсек, кыргызстандыктар соңку жылдары такси кызматынын… Кененирээк…

Катар-2022: плей-оффко чыккан 10 команда белгилүү болду

Катарда өтүп жаткан  футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыккан 10 команда белигилүү болду. 30-ноябрдагы беттештерден кийин 1/8 финалга Австралия, Аргентина жана Польшанын командалары өттү. Буга чейин Франция, Бразилия, Португалия, Голландия, Сенегал, Англия жана АКШнын командалары плей-оффко чыгышкан. Эми Голландия — Америка, Англия — Сенегел,… Кененирээк…

Кербен шаарында жаңы RestPoint курулууда

Кербен шаарында жаңы RestPoint курулууда. Бул тууралуу Novosti.kgге Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалым болгондой, объект шаардын кире беришинде жайгашат. RestPoint имаратында душ, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн даараткана, эне-бала бөлмөсү, намазкана, кофейня болот. Ал кышында да иштейт. Муну менен районго 8 миллион сомдон ашуун… Кененирээк…

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Тарых жана адабият” кечеси өттү. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районундагы мектептердин 200 окуучусу бир учурда «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке… Кененирээк…