Сузактын милиция кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын бүгүн, 27-декабрда кабарлады. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Расмий маалыматка… Кененирээк…

Атактуу футболчу Пеленин абалы оор

Атактуу футболчу, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 82 жаштагы Пеле оор абалда. Интернетте анын үй-бүлөсү менен коштошуп жаткан видеосу тарады. Өткөн аптада Пеленин абалы начарлап кеткени белгилүү болгон. Ал рак менен жабыркап, бөйрөк менен жүрөктүн иштешинин начарлашынан улам реанимацияда жатканы кабарланган. Буга чейин ЖМКлар Пеленин денеси… Кененирээк…

ИИМ 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер органдарынын өздүк курамы 29-декабрдан 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы жылдык майрамдарда коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызмат өтөйт.

Бишкекте балаты базары ачылды

Бишкекте балаты базары ачылды. Декабрдын аягында Көк-Жар кичи районундагы бакча базары ийне жалбырактуу токойго айланат. Бул жерде бир нече түрдөгү ар кандай сорттогу карагайлар бар. Быйыл баа орточо эсеп менен 20 пайызга кымбаттап, суроо-талап да өсүүдө. Алсак, бир метр узундуктагы балаты кардарларга орточо эсеп менен… Кененирээк…

Ошто унаа тыгыны менен күрөшүү үчүн дагы бир көчөдө кыймыл ачылат

Ошко кире бериштеги унаа тыгыны менен күрөшүү үчүн дагы бир көчөдө жол кыймылы ачылат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, бул үчүн Алымбек Датканын эстелигине чейинки бөлүктө бордюрларды алып салуу иштери жүрүүдө. Муну менен Ысакбек Монуев көчөсүнүн сол тарабындагы альтернативдик көчө менен кыймыл ачылат. Бул кесилиште жаңы жол… Кененирээк…

Климаттын өзгөрүшү тамак-ашты кымбаттатууда

Климаттын өзгөрүшү тамак-ашты кымбаттатууда, кээ бир азыктар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Мындай  тынчсыздануусун Туруктуу тамак-аш системалары боюнча эл аралык эксперттик топ билдирди. Мындан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринен жана илдеттеринен жыл сайын дүйнөдөгү азык-түлүктүн 40 пайызга… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү

Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудай, ун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин жетиштүү запасы бар. Белгиленгендей, учурда азык-түлүккө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда. Кошумчаласак, быйыл алгачкы сегиз айда Кыргызстанда… Кененирээк…

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Буга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизиле турган тиешелүү кодекс коомдук талкууга чыгарылды. Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган. Мал уурулук ири… Кененирээк…

Түптө 100 орундуу бала бакча куруу пландалууда

Түптө 100 орундуу бала бакча куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин Ысык-Көл райондук башкармалыгы жарыялады. Пландаштырылган сумма дээрлик 83 миллион сом, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 12-январга чейин.

Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Баткенде Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушту. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, тараптардын сүйлөшүүсүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал, өз ара кызматташуу маселеси талкууланды. Уларбек Шаршеев менен Раджабали Рахмоналинин жолугушуусунда ошондой эле 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантуу, эки өлкөнүн жарандарынын мүлкүн кайтарууну тездетүү, чек… Кененирээк…