Ошто унаа тыгыны менен күрөшүү үчүн дагы бир көчөдө кыймыл ачылат

Ошко кире бериштеги унаа тыгыны менен күрөшүү үчүн дагы бир көчөдө жол кыймылы ачылат.

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, бул үчүн Алымбек Датканын эстелигине чейинки бөлүктө бордюрларды алып салуу иштери жүрүүдө.

Муну менен Ысакбек Монуев көчөсүнүн сол тарабындагы альтернативдик көчө менен кыймыл ачылат.

Бул кесилиште жаңы жол чырактар жана тиешелүү белгилер орнотулат.