ИИМ 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер органдарынын өздүк курамы 29-декабрдан 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылдык майрамдарда коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызмат өтөйт.