Бишкекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылат

Бишкекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Кеңседе биргелешкен чаралар координацияланат. Күтүлгөндөй, бул долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эске салсак, учурда кытайлык адистер темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну… Кененирээк…

Кытай өтө тез жүрүүчү поезддерди сыноодон өткөрүүдө

Кытай өтө тез жүрүүчү поезддерди сыноодон өткөрүүдө. Бул транспорт жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү саатына 1000 километрге чейинки ылдамдыкта ташууга мүмкүндүк берет деп күтүлүп жатат. Бул система Илон Масктын Hyperloop долбооруна окшош болот, ага ылайык поезддер рельстерде жүрбөйт, бирок түз маанисинде вакуумдук туннелдерде каттайт. Анткен менен Hyperloop… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кирешелүү клуб аталды

Дүйнөдөгү эң кирешелүү клуб аталды. Экинчи жыл катары менен дүйнөлүк рейтингдин сап башында “Манчестер Сити” жайгашат. Сезон ичинде команда  731 миллион евро тапты.   Экинчи орунда мадриддик “Реал” турат. Анын кирешеси 714 миллион еврону түздү. Үчилтикти англиялык “Ливерпуль” 702 миллион евро менен бекитет.

Чет элдик валюта бар болсо, ал чектөөсүз алмаштырылышы керек

Чет элдик валюта бар болсо, ал чектөөсүз алмаштырылышы керек. Бул тууралуу Улуттук банк эскертет. Андан тышкары, чет элдик валютаны сырттагы таблодо көрсөтүлгөн курс боюнча гана сатуу жана сатып алуу жүргүзүлүшү шарт.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен ишендиришкендей, өлкө аймагындагы валюта рыногу көзөмөл алдында.   Мыйзам… Кененирээк…

Ош шаарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү киргизилди

Ош шаарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү киргизилди. Кыргызстандын электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, күн сайын 2 маал 1,5 сааттан жарык өчүрүлүп турат.   Мындай чектөөлөр 31-январга чейин күчүндө болот. Энерго компаниялардан ишендиришкендей, бул чаралар жабдууларга күч келип, алардын иштен чыгышын алдын алууга багытталат.

Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча кошот

Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча кошот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, өлкөлөр ортосунда “жол картасына” кол коюлду.   Шарттарга ылайык, коңшу республикалар каражат бөлүп берет, ордуна электр энергиясын алышат. Анын көлөмү каржылык салымдын үлүшүнө жараша болот, — деди… Кененирээк…

Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн жети памирлик үй-бүлөгө жардам жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардамды Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди. Муну менен катар Ош шаарындагы… Кененирээк…

“Аль-Наср” клубунун фораврды Криштиану Роналду ПСЖ менен достук беттештин эң мыкты оюнчусу деп аталды

“Аль-Наср” клубунун фораврды Криштиану Роналду ПСЖ менен достук беттештин эң мыкты оюнчусу деп аталды. Чабуулчу 34-мүнөттө пенальтини ийгиликтүү ишке ашырып, биринчи таймдын кошумча убактысында дагы бир гол киргизди.   Бул анын сауд арабиялык клубга өткөндөн киийнки биринчи голдору болду. Эске салсак, Эр-Рияддын командасы ПСЖга каршы… Кененирээк…

“Аватар-2” Марвел студиясынын “Жөргөмүш-адам. Үйгө жол жок” тасмасынан ашып өтүп, тарыхтагы эң кирешелүү кино болду

“Аватар-2” Марвел студиясынын “Жөргөмүш-адам. Үйгө жол жок” тасмасынан ашып өтүп, тарыхтагы эң кирешелүү кино болду. Өтүп кеткен жылдын декабрь айында премьерасы болгон “Аватардын” экинчи бөлүгү 1 миллиард 900 миллион доллар чогултту.   Эксперттердин пикиринде, тасманын кассасы жакынкы күндөрү 2 миллиард доллардан ашат.

Социалдык келишимдердин басымдуусу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган

Социалдык келишимдердин басымдуусу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Ал эске салгандай, долбоордун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик ачууга 100 миң сомдон берилет. Программанын катышуучулары негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.   Айрымдары соода, кызмат… Кененирээк…