“Аль-Наср” клубунун фораврды Криштиану Роналду ПСЖ менен достук беттештин эң мыкты оюнчусу деп аталды. Чабуулчу 34-мүнөттө пенальтини ийгиликтүү ишке ашырып, биринчи таймдын кошумча убактысында дагы бир гол киргизди.
Бул анын сауд арабиялык клубга өткөндөн киийнки биринчи голдору болду. Эске салсак, Эр-Рияддын командасы ПСЖга каршы оюн өткөрүп, француз клубу 5:4 эсебинде жеңишке жетти.