Кыргыз киносунун корифейи Геннадий Базаров дүйнө салды

Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер-коюучу, прозаик Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты. Геннадий Садырович Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография… Кененирээк…

Бүгүн Жалал-Абаддын айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу кечки саат 5ке чейин Спутник, Көк-Арт кичи районунда суу берүү убактылуу токтотулат. Шаардык мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.