Кыргызстанда сугат суусуна тарифтер жогорулатылбайт

Кыргызстанда сугат суусуна тарифтер жогорулатылбайт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматы дыйкандарга сууну буга чейинки бекитилген тарифтер менен берүүнү пландап жатат.   Ал эми учурдагы тарифтер 5 тыйындан 70 тыйынга чейин жетет.   Эске салсак, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында таза суу… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат менен Тышкы иштер министрлиги бөлүштү.   Дипломатиялык өкүлчүлүк соңку маалыматты тактоо иштерин улантууда. Эске салсак, бүгүн эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,5 баллга жеткен зилзала катталды.   Табигый кырсыктан бир нече шаарларда… Кененирээк…

Салык кызматы былтыр дээрлик 20 млрд сом жашырылган салык тапты

Былтыркы жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген. Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча… Кененирээк…

Түркия менен Сирияда катуу зилзалада 200дөн ашык адам мерт кетти

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондордун жалпы саны 200дөн ашты жана бир топ имарат, турак жай кыйрады. «Азаттык» жазгандай, мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.… Кененирээк…

Бейонсе тарыхта эң көп “Грэмми” сыйлыгына ээ болду

Америкалык ырчы Бейонсе тарыхта эң көп “Грэмми” сыйлыгына ээ болду. Акыркы аземде ага 32-статуэтка тапшырылды. Артист «Ренессанс» альбому үчүн «Эң мыкты бий/электрондук музыкалык альбом» номинациясында жана CUFF IT композициясы үчүн «R&B стилинде мыкты ыр» категориясында сыйлык алды. Ошентип, Бейонсе Грэмми сыйлыгынын саны боюнча маркум британдык-венгриялык… Кененирээк…

Кыргызстанда 1 миңден ашуун мектеп “математикалык сандыкчага” ээ болот

Кыргызстанда 1 миңден ашуун мектеп “математикалык сандыкчага” ээ болот. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда ири геометриялык фигуралар, сааттар, саноочу таякчалар сыяктуу графикалык моделдер камтылат. Бул моделдерди колдонуу окуучуларга символдорду, аракеттерди жана эрежелерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан 3 миңден ашык комплект берилет.

Бишкекте бензин жыл башынан бери 5 сомго арзандады

Бишкекте бензин жыл башынан бери 5 сомго арзандады. Ал эми дизель майы 1 сом 20 тыйынга төмөндөгөнүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Мекеме ордо калаада күйүүчү майдын арзандашы аймактардагы баага да таасирин тийгизгенин белгилейт. Февраль айында рыноктун негизги оюнчулары күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү улантаары… Кененирээк…

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат. Социалдык тармактарда белгисиз адамдар банктын атынан жарандар 20 миң сом ала тургандыгы камтылган сурамжылоо жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат таратууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жалган экенин, алдамчылар ушундай жол менен жеке маалыматтарга жетүүгө аракет кылып жатканын белгилейт. Шектүү… Кененирээк…

Кыргызстанда англис тилинин бир айлыгы жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тилинин бир айлыгын” жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, айлыктын алкагында билим берүү мекемелеринде ар түрдүү кызыктыруучу иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды жана англис тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактарды өткөрүү… Кененирээк…

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө “Жашыл Мурас” улуттук программасы, ошондой эле “Жашыл Кыргызстан” программасы ишке ашырылып жатат. Анын алкагында былтыр 8 миллион көчөт отургузулган.