Кыргызстандан жыгач экспорттоого тыюу узартылды

Кыргызстандан жыгач экспорттоого тыюу узартылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыгач материалдарды жана курулуш тактайларын ЕАЭБден сыртка чыгарууга чектөө дагы алты ай күчүндө болот. Эске салсак, буга чейинки жарым жылдык тыюу 2022-жылы киргизилген. Токтомдун мөөнөтү ушул айда бүтмөк.

Быйыл Ош шаарына 30 миңден ашуун көчөт отургузулат

Ош шаарына быйыл 30 миңден ашуун көчөт отургузулат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Анын 500 түбү ийне жалбырактуу, 500ү жазы жалбырактуу жана 20 миңи бадалдын көчөтү болот. Мындан тышкары, 10 миң түптөн ашуун дарак тигилет.