Карантинден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театры алгачкы ирет көрүүчүлөрүнө эшигин ачты

Карантинден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театры алгачкы ирет көрүүчүлөрүнө эшигин ачты.

Маданият министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата спектакль коюлду.

Андан тышкары, кечээ бир катар ырчылар катышкан концерт өттү. Белгилеп кетсек, пандемияга байланыштуу марттан

тартып, эл көп чогулуучу иш-чараларга, тойлорго, кино-концерттерге чектөө киргизилген. Тыюу салуулар этабы менен

алынып, бир катар объектилердин жумуш графиги калыбына келди.