Дыйкандарга арзандатылган баа менен күйүүчү-майлоочу материал сатылып баштады

Дыйкандарга арзандатылган баа менен күйүүчү-майлоочу материал сатылып баштады. Бул үчүн Материалдык резервдер мамлекеттик фонду май куючу станциялардын тармагы менен келишим түздү.   Ага ылайык, 3 миллион литр дизелдик отун 65 сомдон сатылат. Учурга карата мунай базаларында жана май куюу станцияларында 25 миң тонна дизель сакталып… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл турак-жай курулушуна артыкчылык берет

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл турак-жай курулушуна артыкчылык берет. Уюмдун башчысы Аида Төлөгөнованын айтымында, батирлер кийин жарандарга ипотекалык насыя менен берилет.   Учурга карата аймактарда курулуш алдына жер бөлүндү. Төлөгөнова эске салгандай, өткөн жылы ипотекалык насыяны 1,5 миңден ашык үй-бүлө алды. Жалпы сумма 4 миллиард сомду… Кененирээк…

Дүйнөдө ар эки жумада бир тил жоголот

Дүйнө жүзүндө ар бир эки жумада бир тил жок болуп, өзү менен кошо маданият жана интеллектуалдык мурастарды алып кетет. Бул тууралуу ЮНЕСКО билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү алты миң тилдин кеминде 43%ы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Көйгөй өкмөттүн мектептерде эне тилди окутууга тийиштүү көңүл… Кененирээк…

Санкт-Петербург жана Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат

Санкт-Петербург жана Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат. Россия өкмөтү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү сунушун жактырганын орус басылмалары жазып чыгышты. Эске салсак, учурда аталган мамлекетте Кыргызстандын эки башкы консулдугу Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында иштеп жатат.

Кыргызстандын клубдары оргтехника жана футбол аянтчалары үчүн атайын жабдыктарды алышты

Азия жана Европанын футбол конфедерациялары Кыргызстандын клубдарына оргтехника жана футбол аянтчалары үчүн атайын жабдыктарды тапшырышты. Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, жаңы ноутбуктар, принтерлер, проекторлор, лазердик линиялар жана экрандар клубдарга оюндарды сапаттуу анализдеп, окуу семинарларын өткөрүүгө шарт түзөт. Уюмдан белгилешкендей, ата мекендик клубдарда мындай атайын жабдуулар буга… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлору курулат

Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлору курулат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында беш объектти түзүү пландалууда. Имараттарда маалымат борборлору, кичи базарлар, кафетерий, медициналык кабинет жана жуунучу бөлмөлөр болот. Курулушту 2024-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Келечекте… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 61 млн сомдон ашык чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 61 миллион сомдон ашык чогултту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Эмгек министрлиги эскерткендей, 23-февраль эс алуу күнү жана майрам алдында жумуш убактысы кыскартылат. Кошумчаласак, бул жумада кыргызстандыктар 25-февраль, ишембиде да 4-январдагы эс алуунун эсебинен иштешет.

Кыргызстандын экономикасы быйыл 7 пайыз темп менен жогорулайт

Кыргызстандын экономикасы быйыл 7 пайыз темп менен жогорулайт. Мындай болжолду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы чыгарды. Банктын макроэкономикалык жаңы баяндамасында өткөн жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин Борбор Азияга экспорту өскөн. Экспорт өзгөчө Кыргызстан менен Арменияга көбөйгөн. Маалыматта айтылгандай, бул жагдай… Кененирээк…

Бишкекте уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети көрүлүүдө

Бишкекте уруксатсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, мунапыс алкагында ар бир үй текшерилип, уруксат ошонун негизинде гана берилет жана бул бир эле жолку мыйзам болот. Андан кийин… Кененирээк…