«Тазалык» ишканасы үчүн 17 атайын техника алынды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн 17 атайын техника сатылып алынды. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, автопаркты толуктоонун аркасында шаар жеке компаниялардан көз каранды эмес. «Биз атайын датчиктери бар таштанды контейнерлерин орнотууну пландап жатабыз, алардын ишин операторлор көзөмөлдөп, «Тазалык» МИсине толуктугу… Кененирээк…

Ошто башаламан илинген көрнөк-жарнактар алынууда

Ош шаарынын мэриясы тарабынан Курманжан-Датка, Мамаджан, А. Навои жана А. Масалиев кең көчөлөрүндө иретсиз илинген көрнөк-жарнактарды мыйзамдын талабына ылайык келтирүү боюнча рейд жүргүзүлдү. Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейддин алкагында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынып салынды. Буга чейин жеке менчик ээлерине Ош шаарынын муниципалдык менчик… Кененирээк…

ӨКМдин өрткө каршы кызматынын автопаркы толук жаңыланды

Эки жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматынын автопаркы толук жаңыланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, тиешелүү кызматтын техникалык базасы эгемендик алгандан бери биринчи жолу жаңыланды. Маалыматка ылайык, ушул тапта ӨКМдин карамагында 2 тик учак, 185 өрткө каршы техника жана… Кененирээк…

Индияда актер селфинин саны боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Индияда актер селфинин саны боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. Акшай Кумар аттуу жергиликтүү кино жылдызы күйөрмандары менен 3 мүнөт ичинде 184 сүрөт тартты.   Фанаттар 2 линияга тизилип турган, ал эми актер алардын ортосунан өтүп, ар бири менен сүрөткө түшүп чыккан. Жалпысынан 209 селфи тартылган, бирок… Кененирээк…

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 22,5 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 22,5 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду.   Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактары ишканасынан билдиришти. Шаймандар Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен сатылып алынды.   Жалпысынан программанын алкагында 30 миң прибор орнотулат.

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүүнү чехиялык компанияга  өткөрүп берүү пландалууда

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүүнү чехиялык компанияга  өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.   Анын айтымында, таштандыны кайра иштетүүчу заводдун курулушу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын сметалык баасы 45 миллион долларды түзүп, ал 15 жылда өзүн актайт.… Кененирээк…

Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен 3 жылга бошотулду

Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен 3 жылга бошотулду.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.   Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик ишканаларга материалдык-техникалык базасын чыңдап алуу үчүн 3 жылдык жеңилдик берилет. Белгилеп кетсек, буга чейин мамлекетке… Кененирээк…

Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча Азия кубогу өтөт

Бишкекте футбол боюнча кыз-келиндер арасында Азия кубогу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады. Билдирмеге ылайык, Азия кубогу – 2024 оюнунун биринчи тандоо турунун мелдештери Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-марттан 10-мартка чейин болот. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы С тайпасынан чыгып, андан ары мелдешке… Кененирээк…

Бишкекте жаңы инновациялык мектеп пайда болду

Бишкекте жаңы инновациялык мектеп пайда болду. Анын курулушуна  3,5 миллион долларды кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Бул каражатка заманбап эл аралык талаптарга жооп берген окуу жайды курууга мүмкүн болду.   Анда окуучулар күчөтүлгөн окуу программасынан тышкары, робот түзүү жана IT сыяктуу курстар менен камсыздалган.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  84 миллион сомдон ашык чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  84 миллион сомдон ашык чогултту. Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.