Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүүнү чехиялык компанияга  өткөрүп берүү пландалууда

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүүнү чехиялык компанияга  өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

 

Анын айтымында, таштандыны кайра иштетүүчу заводдун курулушу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын сметалык баасы 45 миллион долларды түзүп, ал 15 жылда өзүн актайт.

 

Завод санитардык полигондун аймагында курулат. Учурда адистер долбоордун “жол картасынын” үстүндө иштеп жатат.