Соцфонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн көбөйтүүнү пландоодо

Социалдык фонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн айына 3 миң 170 сом деп бекитүүнү пландоодо. Мекеме жетекчиси Бактияр Алиевдин айтымында, өзгөртүүлөр кабыл алынса, 53 миң адамдын пенсиясы көбөйөт. Мындан тышкары, пенсияларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү жана аларды мөөнөтүнөн мурда каттоого тыюу салуу сунушталууда. Алиев белгилегендей, жыл сайын 55 миңге… Кененирээк…

Өлкөдө “Тилектештик автобусу” аталышындагы акция башталды

Чүй, Ош жана Нарын облустарында “Тилектештик автобусу” аталышындагы акция башталды. Юстиция министрлиги билдиргендей, ал 25-мартка чейин уланат. А кциянын алкагында аймактардын тургундары пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алуу боюнча маалымат ала алышат. Жарандарды кабыл алуу административдик, агартуу, коомдук жана профилактикалык борборлордо… Кененирээк…

Бишкектен Түркиянын Анталиясына үзгүлтүксүз каттамдар ачылат

Бишкектен Түркиянын Анталиясына үзгүлтүксүз каттамдар ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди. Учактар ​​15-апрелден тарта уча баштайт. Каттамдар түркиялык авиакомпания тарабынан жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Токтогулда Калкты тейлөө борбору ачылды

Токтогулда Калкты тейлөө борбору ачылды. Жалал-Абад электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, борбор райондук электр тармактар ишканасынын карамагында пайда болду. Электр энергиясына төлөмдөрдү кабыл алууда эми кезекке туруу болбойт, — деп айтылат маалыматта. Токтогул райондук электр тармактар ишканасында 150дөй кызматкер эмгектенет. Алар 10 айыл өкмөт, 1 шаарды,… Кененирээк…

Аксыдагы ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок

Аксы районунун Кербен шаарындагы ооруканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ооруканадан 72 адам эвакуацияланып, эч ким жабыркаган жок. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадан… Кененирээк…

БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдү акыркы тизмесин жарыялады

БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдү акыркы тизмесин жарыялады.   Ага 71 миң 884 жаран киргизилди. Тизмелер  “Тизме” мамлекеттик порталына жана аймактык шайлоо комиссияларында илинди.   Добуш берүүчүлөр өздөрүн 1255 жана 119 кыска номерлери боюнча 24-мартка чейин тактап алышы керек. Кандайдыр бир катачылыктар аныкталса,… Кененирээк…

Аксыдагы ооруканада өрт чыгып, ичиндегилер эвакуацияланды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан өрт чыкканын ӨКМ билдирди.   Маалыматта өрт имараттын чатырынан чыкканы айтылат. «Жалынды өчүрүүгө саат 9.33тө биринчи өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Андан кийин дагы үч топ кошулган. Оорукананын ичиндегилер эвакуацияланды», — деп жазылат билдирүүдө. Учурда өрттү өчүрүү… Кененирээк…

Кыргызстанда Ыйык орозо айы быйыл 23-мартта башталат

Кыргызстанда Ыйык орозо айы быйыл 23-мартта башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Ал эми Кадыр түн рамазан айынын 26сынан 27-күнгө караган түнүнө туура келет.   Орозо айы айт майрамы менен 23-апрелде жыйынтыкталат. Бул күнү адатта өлкөдө эс алуу жарыяланат.

Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат

Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Тагыраагы, 10-апрелден 25-июнга чейин мыйзамдуу жашаган, 26-июндан 31-августка чейин иш жүзүндө жашаган жери боюнча.   Порталдагы каттоодон өтүү үчүн ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин жана… Кененирээк…

Түп райондук электр станциясы пилоттук программанын алкагында жеке компанияга ижарага берилет

Түп райондук электр станциясы пилоттук программанын алкагында жеке компанияга ижарага берилет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, жеке компанияны аныктоо үчүн тендер 30-мартта жарыяланат.   Жеңишке жеткен компания райондун электр менен камсыздоосун жакшыртып, кызматкерлердин айлыгын көтөрүп, эскилиги жеткен подстанцияларды калыбына келтирип,… Кененирээк…