Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Тагыраагы, 10-апрелден 25-июнга чейин мыйзамдуу жашаган, 26-июндан 31-августка чейин иш жүзүндө жашаган жери боюнча.
Порталдагы каттоодон өтүү үчүн ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин жана баланын жеке идентификациялык номери талап кылынат.