Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу 18-19-март күндөрү эртең мененки саат 08:00дөн 18:00гө чейин шаардын төмөнкү көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт: Мукуми, Жуматаев, Хамза, Икрамов, Курортный ключ,… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянты бүгүнтөн тарта Нооруз майрамына карата даярдык көрүү үчүн унаа кыймылына жабылды

Бишкектин Ала-Тоо аянты бүгүнтөн тарта Нооруз майрамына карата даярдык көрүү үчүн унаа кыймылына жабылды. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.   Чектөөлөр Чүй проспекти, Эркиндик бульвары, Панфилов, Абдымомунов, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүн бириктирген бөлүктө киргизилди. Унаа кыймылы аянт аркылуу 22-марттан тарта жанданат.

Кызыл-Кыяда шаардык оорукананын операциялык блогунун жаңы имараты ишке берилди

16-мартта Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгердик практика борборунда операциялык блоктун жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, имараттын ачылышына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Иличбек Салибаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек… Кененирээк…

Эртең өлкөнүн бардык аймактарында ишембилик өтөт

Эртең өлкөнүн бардык аймактарында ишембилик өтөт.   Тазалык күнү социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын, айылдардын, калк жашаган түйүндөрдүн аймактарын көрктөндүрүү максатында жарыяланды.   Президент администрациясынан буга чейин билдиришкендей, бардык аймактарда ишембиликке мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана катардагы жарандар чыгат.

Түркиянын Анталья шаарына Бишкектен аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Түркиянын Анталья шаарына Бишкектен аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, 15-апрелден тарта Анталья – Бишкек – Анталья каттамы аптасына 7 жолу, күн сайын аткарылат.   Буга чейин аталган рейс жумасына 4 жолу аткарылып келген.

Кыргызстандан январь айында дээрлик 58 миллион доллар сыртка которулду

Кыргызстандан январь айында дээрлик 58 миллион доллар сыртка которулду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, кеп жеке жактардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.   Эң көп каражат Түркияга жөнөтүлгөн – 29,5 миллион доллар, андан кийин Россия турат – 27 миллион 200 миң доллар.… Кененирээк…

Бишкекке ушул жайда дагы 500 автобус жеткирилет

Бишкекке ушул жайда дагы 500 автобус жеткирилет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда ордо калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Мэр транспортту сатып алуу боюнча келишим ким менен жетишилгенин тактаган жок.   Ал кошумчалагандай, транспорт департаментине  айдоочуларды кабыл алуу жана автобустар үчүн базаны даярдоо тапшырмасы берилди.  … Кененирээк…

Жогорку Кеңеш жылдык кирешеси 8 миллион сомго жеткен жеке бизнес үчүн салык жеңилдиктерин берүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш жылдык кирешеси 8 миллион сомго жеткен жеке бизнес үчүн салык жеңилдиктерин берүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Документке ылайык, мындай ишкерлер киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн башка бардык салыктардан бошотулат.   Алар патент албай эле койсо болот, бирок кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу… Кененирээк…

Лионель Мессиге Сауд Арабия жылына 220 миллион евро төлөөгө даяр

ПСЖнын форварды Лионель Мессиге Сауд Арабия жылына 220 миллион евро төлөөгө даяр. Аргентиналык футболчуну клубга чакыруу үчүн өлкө бийлиги мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, айлык чектөөлөрүн алып салуу ниетинде.   Месси падышачылыкта наамы бар “Аль-Хиляль” клубуна өтө алат. Белгилеп кетсек, буга чейин Мессинин атасы Хорхе Месси “Аль-Хиляль”… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн бир катар көчөлөр тосулат

Бишкекте бүгүн бир катар көчөлөр тосулат. Убактылуу чектөөлөр транспорт кыймылына саат 10дон 12ге чейин Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде жана Байтик Баатыр көчөсүнүн түштүк тарапты көздөй Сүйөркулов-Масалиев бөлүгүндө киргизилет.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жол инспекторлору мектеп окуучулары менен биргеликте… Кененирээк…