Унаа жана жолдор министрлиги 669 жаңы техника сатып алат

Быйыл Унаа жана жолдор министрлиги 669 жаңы техника сатып алат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жабдуулар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынат. Эске салсак, министрликке өткөн жылы 32 техника алынган. Ага жалпысынан 2 миллион 350 миң доллардан ашык каражат бөлүнгөн.

Жалал-Абадда бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт

Жалал-Абадда бүгүн бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орозо айынын урматына шаардын №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Муниципалитеттен белгилешкендей, акысыз каттам жүргүзө турган кичи автобустарга «Орозо айынын урматына жол акы… Кененирээк…