Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок

Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок.

Бул жагдайды көрсөткөн видео Instagram баракчасына жарыяланды.

Окуя «Ювентус» менен «Байер» командасы беттешип жаткан учурда болду.

Видеодо күйөрман талаага чуркап чыгып, Роналдунун мойнунан бекем кучактап,

селфи кылууга аракеттенген. Жини келген футболчу анын колунан кутулуп чыгып,

колун шилтеп, нааразы болуп сүйлөнгөнүн көрсө болот.

Ал эми аталган видеонун учурда    3 миллионго жакын көрүүчүсү бар.